130
Жумабек уулу Нурболот, Капаров Алан Мырзабекович
Жолдор узак узак
Бирок алар алып
Келет мени сага
Бир күнү
Жылдыздар, жылдыздар
Жаркындатат жолдорумду
Ойлойсуңбу сен
Мен сени ойлогондой?
Жүз отузга салам, барам, сага учам
Сен күтө тургун мени алыстан
Эгерде калсам сенден айрылып
Мен дем алалбай калам кыйналып
Жолдор бүтпөйт неге?
Кыйнайт неге мени?
Көргүм келет мен көздөрүңдү
Жылдыздар, жылдыздар
Жаркындатат жолдорумду
Ойлойсуңбу сен
Мен сени ойлогондой?